Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:51

Нельсон Манделанын абалы оңолууда


Түштүк Африканын президенти Жакоб Зуманын кеңсесинен билдиришкендей, мурдагы мамлекет башчысы жана апартеидге каршы күрөштүн лидери Нелсон Манделланын өпкө инфекциясына каршы дарылоодон оң жыйынтык болуп жатат. 94 жаштагы Мандела ооруканага өткөн түнү түштү. Өпкө инфекциясына жана өтүндөгү ташын алдырууга байланыштуу Мандела буга чейин декабр айында дээрлик үч жума дарыланган эле.

Мандела 27 жыл түрмөдө отургандан кийин 1990-жылы бошонуп чыгып, үч жылдан кийинки бардык расанын өкүлдөрү катыша алган алгачкы шайлоодо Түштүк Африканын кара түстүү тунгуч президенти болуп калган. Түштүк Африкада көпчүлүктү түзгөн каралар менен ак азчылыкты элдештирүү далалаты үчүн Манделанын атагы дүйнөгө тараган.

XS
SM
MD
LG