Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 10:54

Депутаттар соттун жогорку баскычтарына даттанышат


Бул тууралуу "атажуртчу" депутаттар Камчыбек Ташиев, Садыр Жапаров, Талант Мамытовдун жактоочулары "Азаттыкка" билдиришти. Адвокаттардын белгилегендерине караганда, жоопко тартылгандар соттун чечимине макул эмес, ошондуктан алар адвокаттары аркылуу 10 күн ичинде Бишкек шаардык сотуна кайрылышат.

Биринчи май райондук соту К. Ташиев менен С. Жапаровго бир жарым жылдан, Т. Мамытовго жана депутаттардын үч жан сакчысы бир жылдан жаза чектеди. Ал эми коомдук ишмер Кубатбек Кожоналиев акталды.

Аталган атуулдар былтыр 3-октябрда борбордук аянтта өтүп, башаламандык менен коштолгон митингден кийин камалып, Кылмыш кодексинин 295-беренеси (Бийликти күч менен басып алуу жана күч менен кармоо) боюнча айыпталып жаткан. (AKu)

XS
SM
MD
LG