Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Май, 2025-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 02:46

Түндүк Корея Түштүк Корея менен “согуш абалына” киргенин жарыялады


Түндүк Корея лидери Ким Чен Ын аскерий колбашчылар менен. 29-март, 2013-жыл.
Түндүк Корея лидери Ким Чен Ын аскерий колбашчылар менен. 29-март, 2013-жыл.
Буга байланыштуу Пхеньяндын бүгүнкү билдирүүсүндө “азыртан тартып Түндүк менен Түштүктүн мамилеси согуш абалына кирди жана Түндүк менен Түштүк ортосунда кандай маселе чыкпасын талаптагыдай чечилет. Корей жарым аралында узак өкүм сүргөн, согуш да, тынчтык да эмес кырдаал бүттү”, - деп айтылат.

Билдирүүдө белгиленгендей, кандай гана чагым болбосун ал дароо кеңири масштабдуу конфликтке жана өзөктүк согушка алып келет. Коңшу Түштүк Кореянын өкмөтү бул билдирүүнү “чагымчыл коркутуулардын” улантылышы деп баалады.

АКШ Пхеньян “согушчан риторика менен коркутуулардын узак тарыхына ээ экендигин эске салып, азыркысы да мурдагы ыкмада жасалганын белгиледи. Улуттук Коопсуздук кеңешинин өкүлү Кэйтлин Хейдендин айтымында, Вашинтон “Түндүк Кореянын коркутуусуна каршы кошумча чараларды көрүүдө”

Ал эми Орусия тышкы иштер министри Сергей Лавров кечээ Корей жарым аралындагы кырдаал көзөмөлдөн чыгып кетиши мүмкүндүгүн эскерткен.

Эки күн мурда Пхеньян ракетелары АКШнын базаларын бутага алганын айтып, муну АКШнын аскерий учактары Корея жарым аралында учканына жооп чара деп түшүндүргөн.

Өзү Түндүк Корея АКШ менен Түштүк Кореяга алар ушул айдын башында биргелешкен аскерий машыгуу баштагандан бери эле сокку урарын айтып, коркутуп келе жатат.

Эки корей өлкөсү ортосундагы согуш 1953-жылы бүткөнү менен алар техникалык жактан азыр деле согуш абалында деп эсептелинет.

Чөлкөмдөгү кырдаал Түндүк Корея февралда үчүнчү өзөктүк сыноо өткөрүп, мындан улам БУУнун Коопсуздук кеңеши ага санкцияларын күчөткөндөн кийин курчуп кетти. (UE)

XS
SM
MD
LG