Хамид Карзайдын басма сөз катчысы Аймал Файзинин “Азаттыктын” ооган кызматына айтканына караганда, Дохадагы сүйлөшүүлөрдө Ооганстан менен Катардын эки тараптуу мамилелери тууралуу да сөз болот, бирок негизги көңүл Ооганстандагы тынчтык жараянга бурулмакчы.
Ооган президенти Катар бийликтери менен алардын Талибанга өлкө аймагында өкүлчүлүк ачуусуна уруксат берген чечимин да талкуулоону көздөөдө.
Хамид Карзайды АКШнын “куурчагы” деп аташкан талибдер аны менен түз сүйлөшүүдөн баш тартып келе жатышат. Карзай болсо талибдер менен сүйлөшүүлөрдү ал дайындаган адамдар гана жетекчиликке алуусу керектигин талап кылып жүрөт. (UE)