Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 19:01

Пакистанда жанкечти чабуулунан бир адам өлдү


Полициянын билдиргенине караганда, окуя бүгүн Пешевар шаарынан 50 чакырымдай аралыктагы Мардан шаарчасынын базарында болду. Жанкечтинин жардыруусунан бир полицей каза таап, полицейлер менен жайкын тургундарды кошкондо алты киши жаракат алды.

Жардыруу үчүн азырынча эч ким жоопкер боло элек.

Пакистанда 11-майдагы парламенттик шайлоону утурлай кыянатчылыктар күчөдү.

Кечээ Пешевар шаарында жанкечти полициянын атайын бөлүгүнүн колбашчысын бутага алганда, кеминде 10 адам каза таап, 25тейи жаракат алган. (UE)

XS
SM
MD
LG