Кошмо штаттардын атайын күчтөрүнүн Ооганстандын борбордук Вардак провинциясынын Нирк районундагы аскерий базаны ооган күчтөрүнө өткөрүп бериши менен президент Хамид Карзайдын талабы орундалды. НАТО күчтөрүнүн командачысы Жозеф Данфорддун бүгүнкү билдирүүсүнө караганда, алар коопсуздук үчүн жоопкерчиликти "кубаты жана мүмкүнчүлүгү" артып бара жаткан ооган кесиптештерине Вардак провинциясынын башка бөлүктөрүндө да өткөрүп берет. Ишембидеги окуя Вашингтон менен Кабулдун ортосунда пикир келишпестик жараткан маселеге чекит койчудай.
Мурдараак ооган президенти АКШнын атайын күчтөрүн Вардак провинциясынан алар ооган кызматташтары менен биригип алып, укук бузууларга, кыйноолорго барып жатат деген маалыматтардан улам чыгып кетүүсүн талап кылган.
АКШ тарап мындай дооматтарды четке кагып, эч кандай мыйзам бузуу болбогонун белгилеген. (UE)