Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Январь, 2025-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 21:12

Ооган президенти иш сапары менен Катарда жүрөт


Хамид Карзайдын басма сөз катчысы Фаик Фахидинин “Азаттыктын” ооган кызматына билдиргенин караганда, Карзайдын Дохадагы сүйлөшүүлөрүндө Ооганстандагы тынчтык жараянды алга жылдыруу жана Катарда "Талибандын" кеңсесинин ачылышы башкы маселелерден болот:

- Эки тарап Ооганстандагы тынчтык жараяндын түрдүү аспектилерин талкуулаганы жатышат. Биз ошондой эле Ооганстан өкмөтүнүн куралдуу каршылаштарынын Катарда кеңсеси ачылганы жөнүндө да сөз кылабыз. Тараптар эки жактын тең кызыкчылыктары бар бул маселеде алга жыла алышат деп үмүттөнөбүз.

Маалыматтарга караганда, ооган президенти менен Катардын эмиринин кездешүүсүндө "Талибандын" Катардагы кеңсеси үчүн конкреттүү планды макулдашаары күтүлүүдө.

Мурда Карзай өкмөтү АКШ менен "Талибандын" тикелей сүйлөшүүсүнөн сыртта калуудан чочулап, талиптердин Катарда кеңсеси ачылышына каршы болгон.

"Талибандын" Забихулла Мужахид ысымдуу өкүлү “Франс Пресс” агенттиги менен маегинде Катардагы кеңсенин ачылышына ооган президентинин эч тиешеси жоктугун, бул "Талибан" менен Катардын өкмөтү ортосундагы гана иш экенин билдирген.

Хамид Карзайды АКШнын “куурчагы” деп аташкан талиптер аны менен түз сүйлөшүүдөн баш тартып келе жатышат.

Карзай болсо талиптер менен сүйлөшүүлөрдү өзү дайындаган адамдар гана жетекчиликке алуусу керектигин талап кылып жүрөт. (UE)

XS
SM
MD
LG