Түндүк Кореянын Түштүк Корея менен “согуш абалына” киргени боюнча соңку коркутуусуна Пхеньян “согуш маанайындагы риториканы” узактан бери колдонуп жүргөнүнө карабай, олуттуу маани берерин Ак үй билдирди.
Улуттук коопсуздук кеңешинин өкүлү Кэйтлин Хейдендин айтымында, Вашингтон азыр Сеул менен тыгыз байланышта турат.
Түндүк Кореянын армиясы күжүрмөн даярдыкка келтирилип, эки өлкөнүн мамилеси “согуш абалына” киргенин Пхеньян кечээ жарыялаган.
АКШ өзүнүн жана аймактагы өнөктөштөрүнүн кызыкчылыктарын коргоого даяр жана жөндөмдүү экенин айтууда. (UE)