Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 02:25

1-апрелге карата аба ырайы


Кыргызгидромет борборунан билдиришкендей, 31-мартта жана 1-апрелде аба ырайы кескин өзгөрөт. Жаан жаап, айрым аймактарда карга айланышы мүмкүн, тоолордо болсо кар түшөт. 1-2-апрелде өрөөндөрдө абанын күндүзгү температурасы 3 градуска чейин төмөндөйт. Мындай аба ырайы айыл чарба иштерин үзгүлтүккө учуратат, энергетика жана коммуналдык кызматтардын ишин кыйындатат.

2-3-апрелде Чүй, Талас, Ысык-Көл, Нарын облустарынын айрым райондорунда, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын тоолуу райондорунда үшүк жүрөт.

Бишкек-Ош (121-137 чакырым, 198-265 чакырым), Каракол-Эңилчек (45-90 чакырым), Мырзаке-Кара-Кулжа-Алайкуу (45-90 чакырым, 145-150 чакырым), Ала-Бука – Каныш-Кыя (62-100 чакырым) тоолуу жолдорунда кар көчкү коркунучу бар, жолдор тайгак болуп, муз тоңот.

1-апрелде мезгил-мезгили менен жаан жаап, дыйканчылык аймактарда карга айланышы мүмкүн, тоолордо кар жаайт, айрым жерлерде жаан-чачын арбын жаайт. Бийик тоолуу аймактардын жолдору тоңголок, тайгак болот. Шамал батыштан, ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, айрым жерлерде 15-20 метрге чейин жетет.

Абанын температурасы:

Чүй облусунда түнкүсүн 1…6, күндүз 5…10,
Талас облусунда түнкүсүн 0…5, күндүз 4…9,
Баткенде түнкүсүн 0…5, күндүз 3…8 градус болот.
Ош жана Жалал-Абад облустарында түнкүсүн 2…7, күндүз 5 …10,
Ысык-Көлдө түнкүсүн 0…5, күндүз 3…8,
Нарында түнкүсүн -3…2, күндүз 3…8 жылуу болот

Бишкекте түнкүсүн жаан жаайт. Абанын температурасы түнкүсүн 3...5, күндүз 6...8 градус жылуу болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.

XS
SM
MD
LG