Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
21-Июль, 2026-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 20:15

Азербайжан: дагы эки активист курал-жарак боюнча камалды

Бакуда сот Н!DA жарандык кыймылынын эки өкүлүн үч айга камоо тууралуу өкүм чыгарды. Рашадат Акундов менен Узеир Мамедли курал-жаракты мыйзамсыз сактаган деп айыпталууда. Эгер алар күнөөлүү деп табылса, мыйзамга ылайык, 8 жылга эркинен ажыратылышы ыктымал.

Буга чейин 10-мартта, оппозициянын нааразылык акциясы алдында аталган жарандык кыймылдын булардан башка төрт мүчөсү маңзат жана курал-жаракты сактаган деген айып менен камалган болчу. Полиция армиядагы жоокерлердин өлүмүнө каршы чыккандарды кууп тараткан эле. (EBM)
Куржундар
XS
SM
MD
LG