Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 16:54

Ошто Жолон Мамытовдун туулган күнү белгиленүүдө


Ошто белгилүү акын Жолон Мамытовдун туулган күнү белгиленип жатат. Бул тууралуу “Азаттыкка” шаар мэриясынын коомчулук менен байланыш бөлүмүнөн кабарлашты. Акындын 73 жылдык маарекеси кичи мекени Төлөйкөн айылында башталды. Акындын ысымы берилген мектепте чыгармачылык кече уюштурулуп, анын эстелигине гүл коюлду.

Ошондой эле бүгүн Ош мамлекеттик университетинде акындын туулган күнүнө карата жаш акындардын арасында жүрүп жаткан сынактын жыйынтыгы чыгарылат.

Белгилүү акын Жолон Мамытов Кара-Суу районуна караштуу Төлөйкөн айылында 1940-жылы 1-апрелде туулган. Ал 1988-жылы каза болгон. (SE)

XS
SM
MD
LG