Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Апрель, 2025-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 02:00

Жумгалда жер көчкүдөн бир нече айыл жарыксыз калды


Нарындын Жумгал районунун аймагындагы 30-марттагы жер көчкүдөн электр мамылары кулап, 5 айылдын тургундары жарыксыз калды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалымат кызматынан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, 875 миң кубдан ашык жер көчкөн. Анын кесептинен Миң-Куш шаарчасы жана Кызыл-Сөөк, Сары-Булуң, Кызыл-Коргон, Кең-Суу, Арал айылдарынын тургундары жарыксыз калды. Жалпы чыгым 1 миллион 900 миң сомдон ашык деп эсептелүүдө. Учурда жарандык коргонуу боюнча атайын штаб түзүлүп, жарыкты калыбына келтирүү боюнча иштер жүрүп жатат. (BkA)

XS
SM
MD
LG