Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 09:11

“Эйр-Бишкек” Орусиядан Кыргызстанга Жүк-200дү акысыз жеткирет


Орусиядагы кыргыз элчилигинин маалыматына ылайык, “Бишкек-эйр” аба компаниясы Москвада каза тапкан кыргызстандык жарандардын сөөгүн Бишкекке жана Ошко акысыз жеткирүүгө макул болду. Буга чейин сөөктү учак менен бекер жеткирүүнү “Кыргызстан” аба компаниясы өткөн жылдын 10-декабрынан тартып ишке ашыра баштаган. Мурунку жылдары Москвадан Кыргызстанга сөөк жеткирүү акысы миң доллардын айланасында болчу.

Расмий маалыматтар боюнча өткөн жылы Орусиядан Кыргызстанга 328 жарандын сөөгү жеткирилген. Орусиянын Федералдык миграция кызматынын билдирүүсүнө ылайык, ушул тапта Орусияда эмгектенген кыргызстандык жарандардын саны 550 миңдин тегерегинде. (ZKo)

XS
SM
MD
LG