Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 10:39

Бүгүн бирдиктүү салык декларациясын тапшыруу мөөнөтү аяктайт


Кыргызстанда бүгүн бирдиктүү салык декларациясын тапшыруу үчүн берилген мөөнөт аяктайт. Мамлекеттик салык инспекциясынан билдиришкендей, 1-январдан 31-мартка чейин белгиленген мөөнөт, 31-март жекшемби күнгө туш келгендиктен бүгүнкүгө узартылган. Бүгүн кечки алтыга чейин өлкөдөгү мекеме-уюмдар, мамлекеттик кызматкерлер, жеке ишкерлер, дыйкан чарбалар өздөрүнүн менчигинде болгон кыймылдуу, кыймылсыз мүлктөр, тапкан кирешеси тууралуу декларацияны жер-жерлердеги салык инспекциясына тапшырышы керек. Өз убагында салык декларациясын тапшырбагандар административдик жазага тартылат. (BkA)

XS
SM
MD
LG