Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 20:06

Пакистан: шайлоого уруу аймагынан биринчи аял катышат


Бадам Зари Пакистандын Федералдык башкаруудагы уруулар аймагынан парламенттик шайлоого талапкердигин койгон туңгуч аял болуп калды.

40 жаштагы үй кожойкеси Ооганстан менен чек арадагы Бажаур уруу ооданындагы Баранг айыл өкмөтүнөн жекшемби күнү талапкер болуп катталды. Бадам Зари "Азаттыктын" пакистан кызматына элди таза суу менен камсыздоо башкы максаттардын бири экендигин бышыктады:

Мен көз карандысыз талапкер болуп жатам. Башкы приоритеттер - таза суу менен камсыздоо, кыздар менен балдардын билим алуусу жана айрыкча аялдар үчүн саламаттык системасын жакшыртуу. Булардын ичинен таза суу биздин аймактагы эң талылуу маселе. Мен өзүм суу челекти башыма коюп алып, алыстан ташып келчүмүн.

Бажаур ооданында исламчыл согушкерлер жана аялдардын укуктарына эскичил көз карашта болгон уруу аксакалдары үстөмдүк кылат. 11-майда белгиленген жалпы шайлоого 10 миңден ашык киши талапкер болуп катталды.

XS
SM
MD
LG