Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 23:59

Орус эксперттери АКШдагы асыранды баланын өлүмүн териштирип жатат


Бул тууралуу Орусиянын АКШдагы элчилиги кабарлады. Орусиядан багылып алган үч жашар Макс Шатто деген ысымды алган Максим Кузьмин Техаста көз жумган. Тергөөчүлөр "бала өзү кокустан алган жараатынан чарчап калган” деген бүтүм чыгарган жана аны асырап алган ата-энесине кылмыш козголбой турганын билдирген. Орус бийлиги мындай чечимди сынга алып, ишти өз алдынча иликтерин айтып чыккан.

Өткөн жыл этегинде Орусияда балдарды АКШга асыроого берүүгө тыюу салган мыйзам кабыл алынган болчу. (EBM)

XS
SM
MD
LG