Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 02:41

Жумгал: жер көчкү 1 миллион сомдон ашык чыгым алып келди


Бул тууралуу өкмөттүн Нарындагы өкүлү Канатбек Муратбеков “Азаттыкка” билдирди. Бүгүн кырсык болгон жерге өзгөчө кырдаалдар министри Кубатбек Боронов менен энергетика жана өнөр жай министри Автандил Калмамбетов жөнөп кетти. Кечээ өкмөт башчы Жантөрө Сатыбалдиев жер көчкүнүн кесепетин тезинен жоюуну тапшырган.

Жер көчкүдөн жогорку чыңалуудагы электр мамылары кулап, бир канча айыл жарыксыз калган. Жумгал районунун акими Адылгазы Исагулов убактылуу электр энергиясы менен камсыз кылуу иштери жүрүп жатканын кабарлады. Оорукана, мектептердин иши үзгүлтүккө учураган жок, бирок бала бакчалар бир апта иштебейт.

Жумгалда 30-мартта жер көчүп, жогорку чыңалуудагы үч электр мамысы керектен чыккан. (EBM)

XS
SM
MD
LG