Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 09:34

УКМК: Ош мэриясындагы мыйзам бузуулар ашкереленди


УКМК алдындагы коррупцияга каршы кызмат Ош шаардык мэриясынын капиталдык курулуш башкармалыгындагы мыйзам бузууларды аныктады. Бул тууралуу аталган органдын маалымат кызматынан кабарлашты. Маалыматка ылайык, аталган башкармалыктын айрым кызматкерлери кызматынан кыянатчылык менен пайдаланып, 2008-жылы шаардагы суу кашаа станциясын оңдоо үчүн “Оштейлөөкурулуш” ишканасы менен мамлекет үчүн зыян алып келген келишим түзүшкөн. Мунун натыйжасында суу кашаа станциясы өз деңгээлинде оңдолбой, шаардыктар таза суусуз калган.

Бул иш боюнча Кылмыш кодексинин “алдоо же ишенимден кыянаттык менен пайдалануу аркылуу мүлктүк зыян келтирүү”, “кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдалануу” жана “мамлекет кызыкчылыктарына каршы келишим түзүү” беренелери боюнча кылмыш иши козголуп, иликтөө иштери башталды. Бул боюнча Ош шаарынын мэриясы маалымат бере элек. (BkA)

XS
SM
MD
LG