Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 08:04

Жапонияга визасыз каттам ачуу сунушталууда


Тышкы иштер министрлиги Кыргызстанга визасыз кирүүгө уруксат берилген өлкөлөргө Жапонияны кошууну сунуштоодо. Бул тууралуу бүгүн Жогорку Кеңештин социалдык саясат боюнча комитетинин жыйында Тышкы иштер министрлигинин статс-катчысы Асеин Исаев билдирди.

Анын айтымында, Жапониянын жарандарын Кыргызстанга визасыз киргизүү боюнча өкмөт токтому мурда эле кабыл алынган. Бирок былтыр визасы каттам ачуу боюнча уруксат берилген өлкөлөрдүн катарына Жапония кирбей калган. Ошондуктан ушул жылдан тарта Кыргызстанга визасыз кирүүгө уруксат берилген өлкөлөргө Жапонияны кошуу боюнча мыйзамга толуктоолор киргизилгени жатат.

Кыргызстанда 44 мамлекеттин жарандарына 60 күнгө визасыз каттам тартибин киргизүү тууралуу мыйзам былтыр кабыл алынган. Кыргыз өкмөтү мындай кадамды туризм тармагын өнүктүрүү жана экономикага инвестиция тартуу максаты менен түшүндүргөн. Тышкы иштер министрлигинин маалыматы боюнча, бул мыйзам кабыл алынган соң өлкөгө келген туристтердин саны көбөйгөнү байкалууда. (BkA)

XS
SM
MD
LG