Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 18:50

Парламент комитетинде депутаттардын араздашуусу каралды


Жогорку Кеңештин этика жана регламент боюнча комитети депутаттар Ирина Карамушкина менен Жылдыз Жолдошеванын чырын талкуулады. Анда Жолдошева Карамушкинаны Жалал-Абадда Камчыбек Ташиевди колдоп чыккан Баатыр энелерди фашисттерге теңеди деп айыптап, бул үчүн кечирим суроону талап кылган. Жыйын жүрүшүндө Ирина Карамушкина мындай айыпты четке кагып, энелерди фашист деп атабаганын жана анын сөзү бурмаланганын билдирип, кечирим суроодон баш тартты.

Жыйын соңунда комитет мүчөлөрү талкууларды эске алуу менен бул маселеде өздөрү жыйынтык чыгарышы керек деп чечимге келишти. Жогорку Кеңештин төрагасынын орун басары Төрөбай Зулпукаров эки депутаттын чырын жалпы жыйынга алып чыгуу этикага жатпай турганын айтты. (ZB\BkA)

XS
SM
MD
LG