Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 02:22

Жумгалда үч айылга убактылуу электр жарыгы берилди


30-мартта жер көчкүнүн кесепетинен жарыксыз калган Жумгал районундагы Миң-Куш шаарчасы, Ыраакы-Миң-Куш жана Кызыл-Сөөк айылдарына электр жарыгы убактылуу берилди. Ал эми калган 5 айылдын тургундары жарыксыз отурушат. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен кабарлашты.

Маалыматка ылайык, учурда Табылгыты, Өрнөк, Дүңгүрөмө, Сары-Булуң айылдарына электр энергиясын берүү иштери жүргүзүлүүдө. Ошондой эле бул айылдардын тургундарын убактылуу жарык менен камсыз кылуу үчүн кара май менен иштеген генераторлор жеткирилип жатат.

Жумгалдын Миң-Куш шаарчасында 30-мартта жер көчүп, жогорку чыңалуудагы үч электр мамысы керектен чыгарган. Жер көчкүдөн жалпы чыгым 1 миллион сомдон ашык деп эсептелүүдө. (BkA)

XS
SM
MD
LG