Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 22:46

Сербия менен Косово жарашуу сүйлөшүүлөрүн кайра башташты


Эки премьер-министр Ивица Дачич менен Хашим Тачи Белград менен Приштинанын мамилесин жөнгө салуу максатында Евробиримдик уюштурган сүйлөшүүлөрдү өткөрүп жатышат.

Бүгүн Брюсселдеги жолугушууда тараптар келишимге жетишип калышы мүмкүн деген ойдо сүйлөшүүлөргө сербиялык таасирдүү саясатчы, вице-премьер-министр Александр Вучич да катышууда. Ал Сербия парламентиндеги эң чоң партия – Прогрессивдүү партиянын лидери.

Анткен менен серб президенти Томислав Николич сүйлөшүүнүн жүрүшүнө канааттанбай жатканын билдирип, акыркы келишимге кол коюлбай калышы мүмкүн экенин эскертти.

Евробиримдик болсо эки тарапты тең “шаркетке мүчөлүк алууну кааласаңар, мунаса тапкыла” деген таризде прогресске жетишүүгө чакырууда. Косово 2008-жылы өзүн Сербиядан көз карандысыз мамлекет деп жарыялаган. Муну Сербия тааныбай келатат.

XS
SM
MD
LG