Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 19:56

Парламент комитети НАТОнун жүктөрүн Кыргызстан аркылуу ташууга уруксат берди


Мындай келишимдин долбоорун бүгүн Жогорку Кеңештин экономикалык жана фискалдык саясат комитети жактырды. Келишимге ылайык, Ооганстандагы согуштук операцияларга катышкан коалициялык күчтөр өз жүктөрүн Кыргызстандын аймагы аркылуу ташып өтүүгө мүмкүнчүлүк алат. Эми бул келишимди парламенттин эл аралык иштер боюнча комитети караган соң, парламенттин жалпы жыйынында талкууланат.

Ооганстандагы НАТО аскерлерине жүк 2011-жылдын ноябрына чейин Пакистандан келчү. Ноябрда коалициялык күчтөрдүн жаңылыш чабуулунан Ооганстан-Пакистан чек арасында пакистандык 24 аскер набыт болгондон кийин Исламабад жолду жаап салган. Ошондон кийин Түндүк Атлантика альянсы Ооганстандагы аскерий техникаларын жана башка жүктөрүн Борбор Азия аркылуу ташуу жөнүндө Өзбекстан, Кыргызстан жана Казакстан менен келишимди иштеп чыккан.

Быйыл НАТО Ооганстандын коопсуздугун ооган аскерлерине тапшырып, 2014-жылдын аягында өлкөдөн аскерлеринин негизги бөлүгүн жана аскерий шаймандарын чыгарып кетиши керек. (BkA)

XS
SM
MD
LG