Март айында Сирияда 6 миң адам окко учкан. Бул жөнүндө оппозициянын Лондондо жайгашкан уюму билдирди. Сириядагы Адам укуктары боюнча обсерваториясы өлкөдөгү активисттердин билдирүүлөрүнө шилтеме менен өткөн айда 6 миң адамдын өлүмү катталганын айтат. Бирок азыр өкмөттүк армия да, президент Башар Асадга каршы күрөшүп жаткан куралчан оппозиция да канча адам өлгөнүн “жашырып” жатышкандыктан, өлгөндөрдүн чыныгы саны мындан да көп болушу мүмкүн экени айтылууда.
Бириккен улуттар уюмунун эсеби боюнча Сирияда 2011-жылдын мартында кагылышуу башталгандан бери кеминде 70 миңдей адам өлгөн.
Бириккен улуттар уюмунун эсеби боюнча Сирияда 2011-жылдын мартында кагылышуу башталгандан бери кеминде 70 миңдей адам өлгөн.