Ош облусунун прокурору Айбек Турганбаев шаардагы “Уш садоси” гезитинин баш редакторунун камалышы анын кесибине жана улутуна байланыштуу эместигин “Азаттыкка” билдирди. Ага ылайык, Мухаммадсоли Исмаилов менен кошо кармалган үч адам 2010-жылы июнь коогасында өзүнүн улутташы, өзбек тектүү жаранды өлтүргөн деп шектелүүдө. Учурда сот алардын баш коргоо чарасын карап жатат. (EBM)