Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 14:24

Обама адам мээсин изилдөөгө 100 миллион доллар бөлүүнү сунуштады


АКШнын президенти Барак Обама адамдын мээсин изилдөө долбоорун каржылоо үчүн 100 миллион доллар бөлүү тууралуу Конгресске кайрылды. BRAIN Initiative долбоору талма, мээге доо кетүү, аутизм, Альцгеймер, Паркинсон сыяктуу акыл-эс ооруларын натыйжалуу дарылоонун жаңы ыкмаларын табууга багытталган.

Обама Ак үйдө окумуштуулар менен жолугушууда бул изилдөө дүйнөдөгү милллиардаган адамдын жашоосун жакшы жакка өзгөртүү үмүтүн берерин белгиледи. Каражатты саламаттык сактоо боюнча улуттук иниституттар аларын айтты. Ошондой эле жеке компанияларды, окуу жайларды жана кайрымдуулук фонддорду долбоорду ишке ашырууга салым кошууга чакырды. (EBM)

XS
SM
MD
LG