Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 04:02

"Уш садоси" гезитинин редактору үй камагына чыгарылды


Ошто камакка алынган "Уш садоси" гезитинин башкы редактору Мухаммадсоли Исмаилов үй камагына чыгарылды. Бул маалыматты "Азаттыкка" Исмаилов өзү тастыктады. Анын айтымында, ал кечээ түнү Ош шаардык сотунун чечими менен эки айга үй камагына бошотулган. Ал эми Исмаилов менен бирге кармалган эки адам Ош шаардык милициянын убактылуу кармоочу жайына камакта калтырылды.

Ошто өзбек тилинде жарык көрчү мамлекеттик “Уш садоси” гезитинин башкы редактору Мухаммадсоли Исмаилов жана Кара-Суу районун Шарк айылынын эки тургуну кечээ камакка алынган. Алар 2010-жылдагы Ош окуясы учурунда дарексиз жоголгон адамды өлтүрүүгө катышы бар деп шектелип жатат.

Буга нааразы болгон Шарк айылынын 40га жакын тургуну кечээ нааразылык акциясын уюштуруп, милиция тургундарды мыйзамсыз кармаганын билдиришкен.(SE\BkA)

XS
SM
MD
LG