Бишкектин Октябр райондук сотунун төрагасынын милдетин аткаруусу Э.Г. жана Жогорку Соттун аппаратынын кызматкери пара алып жаткан жеринен кармалды. Бул тууралуу Башкы прокуратураны маалымат кызматынан кабарлашты.
Маалыматка ылайык, 2-апрелде аталган кызматкерлер Бишкектеги кафелердин биринен Г. А аттуу жарандан 3000 доллар пара алып жаткан жеринен кармалган. Учурда Бишкек шаардык прокуратурасы Кылмыш кодексинин "опузалап пара талап кылуу”, “пара алуу” жана “пара алууга арачылык кылуу” беренелери боюнча кылмыш ишин козгоду. Кармалган жарандардын камакка алынып-алынбаганы тууралуу маалыматты Башкы прокуратура бере элек. (BkA)