Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 08:59

Ооганстанда талиптер өкмөттүк имараттарды бутага алды


Расмий өкүлдөрдүн билдиргендей, бүгүнкү жардыруу Фарах провинциясында, аймактык соттун сыртында болгон. “Азаттыктын” ооган кызматынын маалыматына караганда, жардырууну жанкечтинин курун байланган беш согушкер жасаган. Мунун алдында Фарахта өкмөттүк күчтөр менен согушкерлер атыша кетишкен эле.

Фарахтын губернатор орун басары Юнус Расулинин айтымында, жардыруудан өкмөттүк имараттардын бир тобу, анын ичинде губернатордун кеңсеси зыян тартты.

Бул жардыруу үчүн "Талибан" жоопкерчилик аларын анын өкүлү Кари Юсуф Ахмади билдирди. (UE)

XS
SM
MD
LG