Ооганстандын Тажикстан менен чектешкен Бадахшан провинциясынын полиция башчысы, генерал Иммамудин Мутмаиндин “Азаттык” радиосуна билдиргенине караганда, бир айга созулган коопсуздук операциясы учурунда "Талибандын" 60тай согушкери жок кылынып, 200дөйү жаракат алган. Полиция башчысы белгилегендей, жаракат алган талиб согушкерлери арасында өзбек жарандары да бар.
Мурдараак ооган расмий өкүлдөрү Бадахшандан Өзбекстан Ислам кыймылынын мүчөсү деп шектелген адамдар кармалганын айтышкан эле.
Жыл башынан бери тажик чек арачылары Ооганстан тараптан чек араны буузуга умтулган эки адамды мерт кылышкан, маңзат аткезчилер менен Өзбекстан ислам кыймылынын мүчөсү деп шектелгендердин бир нечесин камакка алышкан. "Талибан" тарап Бадахшандан кетиши боюнча комментарий бере элек. (UE)