Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Апрель, 2025-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 12:36

4-апрелге карата аба ырайы


Шашылыш эскертүү:

Кыргызгидромет борборунан билдиришкендей, 4-апрелде Чүй, Талас, Нарын, Ысык-Көл облустарынын айрым жерлеринде жана Ош, Баткен, Жалал-Абад обустарынын тоо этектеринде 0…3 градус чейин төмөндөп, үшүк жүрүшү күтүлөт. Мындай үшүктүн жүрүшү мөмөлүү бактарга коркунучтуу.

3-5-апрелде Бишкек-Ош (121-137 чакырым, 198-265 чакырым), Каракол-Эңилчек (45-90 чакырым), Мырзаке-Кара-Кулжа-Алайкуу (45-90 чакырым, 145-150 чакырым), Ала-Бука – Каныш-Кыя (62-100 чакырым) тоолуу жолдорунда кар көчкү коркунучу бар, жолдор тайгак болуп, муз тоңот.

4-апрелде Кыргызстандын аймагында жаан-чачын күтүлбөйт. Тоолуу аймактардын жолдору тоңголок, тайгак болот. Шамалдын багыты өзгөрүлүп турат, ылдамдыгы секундасына 1-9 метрге чейин жетет.

Абанын температурасы:

Чүй облусунда түнкүсүн 0…5, күндүз 11…16,
Талас облусунда түнкүсүн 0…5, күндүз 9…14,
Баткенде түнкүсүн 0…5, күндүз 11…16 градус болот.
Ош жана Жалал-Абад облустарында түнкүсүн 1…6, күндүз 13 …18,
Ысык-Көлдө түнкүсүн 0…5, күндүз 8…13,
Нарында түнкүсүн 0…-3, күндүз 9…14 жылуу болот

Бишкекте күндүз жаан-чачын күтүлбөйт. Шамалдын багыты өзгөрүлүп турат, анын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет. Абанын түнкү температурасы 4…9 градус, күндүз 13…15 градус жылуу болот.

XS
SM
MD
LG