Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 21:04

Ысык-Көл, Нарын: МАИчилердин 30 пайызы аттестациядан өтпөй калды


Бул тууралуу “Азаттыкка” сынак комиссиясынын мүчөсү, “Биздин укук” коомдук уюмдун жетекчиси Калича Умуралиева билдирди. Анын айтымында, аттестация маалында МАИчилердин нормативдик укуктук-актыларды билбей турганы, дене тарбия даярдыгынан аксаары аныкталган. Ошондой эле теңинен көбү тапанча ата албай турганы белгилүү болгон. Иргеп алууда кызматында алган мактоо баракчалары, сөгүш алган жагдайлар да эске алынды.

Кыргызстанда МАИ кызматкерлерин аттестациядан өткөрүп иргеп алуу ушул айдын этегинде аяктамакчы. Жол коопсуздугун күзөткөн кызматкерлер паракорчулук боюнча ИИМдин структурасында сап башында турат. (EBM)

XS
SM
MD
LG