Линктер

шейшемби, 26-сентябрь, 2017 Бишкек убактысы 06:09

Испан ханбийкеси коррупцияга байланыштуу сотко чакырылды


Испаниянын падышасы Хуан Карлостун кичүү кызы Кристина күйөөсүнө каршы козголгон кылмыш иш боюнча көрсөтмө берүүгө сотко чакырылды. Расмий маалыматка ылайык, процесс 27-апрелде болот. Анын күйөөсү Инаки Урдангарин "мамлекеттик ири көлөмдөгү каражатты өз кызыкчылыгына пайдаланган", "кызматынан аша чапкан" деп айыпталып жатат.

Бул испан падышасынын беделине көлөкө түшүргөн биринчи окуя эмес. Толук бир жыл мурун өлкөсү оор экономикалык кризисти башынан өткөрүп, жумушсуздуктун деңгээли эң жогорку чекке чыккан учурда Хуан Карлостун Африкага пилдерге аңчылык кылууга барганы коомчулукта кескин сынга кабылган болчу. (EBM)
XS
SM
MD
LG