Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 14:38

Ташиевдин адвокаты шаардык сотко апелляциялык арыз менен кайрылды


Бул тууралуу Камчыбек Ташиевдин адвокаты Икрамидин Айткулов кабарлады. Адвокат Биринчи май райондук сотунун Ташиевди 1,5 жылга эркинен ажыратуу боюнча өкүмүн саясий буйрук катары баалап, аны жокко чыгарууну Бишкек шаардык соттон өтүнгөн.

Ал эми Камчыбек Ташиев менен бирге айыпталган депутат Садыр Жапаровдун адвокаты апта башында ушундай эле өтүнүч менен шаардык сотко арыз менен кайрылган.

Буга чейин Башкы прокуратуранын өкүлдөрү “Ата Журт” фракциясынын депутаттарына соттун өкүмү “өтө эле жумшак” деп эсептеп, жогорку баскычтагы сотко апелляция берээрин билдирген болчу.

29-мартта Биринчи май райондук соту Жогорку Кеңештин депутаттары Камчыбек Ташиевди, Садыр Жапаровду, Талант Мамытовду жана депутаттардын үч жан сакчысын Кылмыш кодексинин 295-беренеси (Бийликти күч менен басып алуу жана күч менен кармоого аракет кылуу) боюнча күнөөлүү деп таап, Ташиев менен Жапаровду бир жарым жылдан, Мамытов жана депутаттардын үч жан сакчысын бир жылдан эркинен ажыраткан. Ал эми депутаттар менен бирге айыпталып жаткан коомдук ишмер Кубатбек Кожоналиев акталган. (BkA)

XS
SM
MD
LG