Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 11:43

Бишкек: талапка жооп бербеген кичи автобустарга тыюу салынды


Бишкекте бир аптанын ичинде техникалык талапка жооп бербеген 40 кичи автобустун элди ташуусуна тыюу салынды. Бул тууралуу шаардык мэриядан кабарлашты. Маалыматка ылайык, шаардык мэриянын транспорт башкармалыгы эл ташуучу кичи автобустарды текшерүүдөн өткөргөн. Анын жыйынтыгында көптөгөн кичи автобустардын техникалык кемчиликтерине карабай эл ташып жүргөнү ачыкка чыккан. Мындан улам 40 кичи автобустун эл ташуусуна тыюу салынды. Алардын сегизи техникалык мүчүлүштүктөрүн четтеткен соң кайрадан иштей баштады. (BkA)

XS
SM
MD
LG