Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 20:26

УКМК: Айыл чарба министрлигиндеги жемкордук ашкереленди


Айыл чарба жана мелиорация министрлигинин жетекчилиги мамлекеттик бюджеттен бөлүнгөн 8 миллион сомду максатсыз пайдаланганы аныкталганын Улуттук коопсуздук комитетинин алдындагы Коррупцияга каршы кызмат билдирди. Маалыматка ылайык, министрликтин жетекчилиги өкмөт тарабынан жер астындагы сууларды сордуруу түйүнүн оңдоо үчүн бөлгөн 30 миллион сомдун 8 миллионун мыйзамсыз пайдаланып, башка ишканаларга бөлүп жиберген.

Натыйжада УКМКнын тергөө бөлүмү Кылмыш кодексинин “кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу”, “бюджеттик каражатты мыйзамсыз пайдалануу” беренелери боюнча кылмыш иши козголуп, иликтөө иштери башталды. Бул боюнча Айыл чарба жана мелиорация министрлиги маалымат бере элек. (BkA)

XS
SM
MD
LG