Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Октябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 16:16

5-апрелге карата аба-ырайы


Шашылыш эскертүү:

Кыргызгидромет борборунан билдиришкендей, 5-апрелде Чүй, Талас, Нарын, Ысык-Көл облустарынын айрым жерлеринде жана Ош, Баткен, Жалал-Абад обустарынын тоо этектеринде 0…3 градуска чейин төмөндөп, үшүк жүрүшү күтүлөт. Мындай үшүктүн жүрүшү мөмөлүү бактарга коркунучтуу.

5-апрелде Бишкек-Ош (121-137 чакырым, 198-265 чакырым), Каракол-Эңилчек (45-90 чакырым), Мырзаке-Кара-Кулжа-Алайкуу (45-90 чакырым, 145-150 чакырым), Ала-Бука – Каныш-Кыя (62-100 чакырым) тоолуу жолдорунда кар көчкү коркунучу бар, жолдор тайгак болуп, муз тоңот.

5-апрелде Кыргызстандын аймагында жаан-чачын күтүлбөйт. Тоолуу аймактардын жолдору тоңголок, тайгак болот. Шамалдын багыты өзгөрүлүп турат, ылдамдыгы секундасына 1-6 метрге чейин жетет.

Абанын температурасы:

Чүй облусунда түнкүсүн -2...0, күндүз 14…19,
Талас облусунда түнкүсүн 0…5, күндүз 12…17,
Баткенде түнкүсүн 1…6, күндүз 13…18,
Ош жана Жалал-Абад облустарында түнкүсүн 2...7, күндүз 15 …20,
Ысык-Көлдө түнкүсүн 0…5, күндүз 10…15,
Нарында түнкүсүн 0…-3, күндүз 12…17 жылуу болот

Бишкекте күндүз жаан-чачын күтүлбөйт. Шамалдын багыты өзгөрүлүп турат, анын ылдамдыгы секундасына 1-6 метрге жетет. Абанын түнкү температурасы 2…4 градус, күндүз 16…18 градус жылуу болот.

XS
SM
MD
LG