Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 12:02

Орус өкмөтү Камбар-Ата-1 ГЭСи боюнча келишимди карап жатат


Ушул тапта өтүп жаткан Орусиянын өкмөтүнүн жыйынында Камбар-Ата-1 ГЭСин куруу боюнча кыргыз-орус келишими каралып жатат. Бул тууралуу орус өкмөтүнүн расмий сайтында кабарланды.

Келишимге былтыр 20-сентябрда Орусия президенти Владимир Путиндин Бишкек сапарынын учурунда кол коюлган. Келишимдин долбоорун феврал айында Жогорку Кеңеш ратифациялаган. Ага ылайык, аталган долбоорду толугу менен Орусия каржылайт, бирок үлүш теңме-тең бөлүнмөкчү.

Учурда эки тарап Камбар-Ата-1 ГЭСинин техника-экономикалык негиздемесин түзүүнүн үстүндө иштеп жатат. Бул үчүн өткөрүлгөн конкурстун жыйынтыгында ГЭСтин техника-экономикалык негиздемени даярдоо үчүн канадалык SNC-Lavalin International Inc компаниясы тандалып алынды. Эми аталган компания 5 млн. 212 миң долларга ГЭСтин техника-экономикалык негиздемесин 5 айдын ичинде даярдап берет.(BkA)

XS
SM
MD
LG