Түндүк Корея АКШга “ырайымсыз сокку” урганга, керек болсо, ядролук курал колдонгонго да толук даяр турганын эскертти. Бүгүнкү билдирүү - Пхеньяндын акыркы күндөрү Вашингтонго жана Сеулга жасаган катарма-катар коркутууларынын бири. Түндүк Кореянын Мамлекеттик телеканалы бүгүн өлкөнүн Улуттук армиясынын жетекчилигине шилтеме менен: "Биз АКШ тараптан Түндүк Кореяга жасалып жаткан ядролук коркунучтарды басыш үчүн Ак үй менен Пентагонду бардык аскер күчтөрүбүз “ырайымсыз чабуулга” даяр турганын расмий кабарлайбыз", - деп билдирди.
Мунун алдынан АКШ ушул тапта ракетадан коргонуу комплексин Гуамга жайгаштырууну караштырып жатканын айткан. Кошмо Штаттардын коргоо министри Чак Хейгел Пхеньяндан түшүп жаткан коркутууларды Вашингтон “реалдуу жана чындап болушу мүмкүн коркунуч” катары олуттуу кабыл алганын билдирди.