Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Март, 2025-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 03:01

Жогорку Кеңеш Обдуновду жоопко тартууга макулдугун бербей койду


Жогорку Кеңештин "Республика" фракциясынан депутат Элмурат Обдуновду кылмыш жообуна тартуу үчүн анын кол тийбестигин алуу боюнча Баш прокуратуранын сунушуна макул болбой койду. Бул боюнча атайын түзүлгөн депутаттын комиссия дал ушундай эле жыйынтыкка келгенин бүгүнкү парламент жыйынында билдирген болчу. Комиссия мүчөлөрүнүн жүйөсүндө, Обдуновду карата кылмыш ишин ачуу мыйзам бузуулар менен коштолгон жана аны жоопко тартууга негиз жок.

Анткен менен Ош шаарынын прокурору Атай Шакир уулу “Азаттыкка” курган маегинде парламенттин бул чечимине макул эместигин билдирип, Элмурат Обдуновго мыйзамдын негизинде кылмыш иши козголгонун кабарлады. Анын айтымында, азыр парламент Обдуновду кол тийбестиктен ажыратпаганы менен анын депутаттык мөөнөтү бүткөн соң прокуратура кылмыш ишин кайрадан жандантмакчы.

Элмурат Обдуновго былтыр 15-ноябрда кылмыш иш козголгон. Депутат 2009-2010-жылдары Ош мамлекеттик университетинде башкы эсепчи болуп иштеп турганда окуудан чыгарылган 421 студенттин эки жарым миллион сомго чукул келишимдик акысын кайтарып бербей, кымырып алган деп айыпталууда. Обдунов мындай айыптарды жокко чыгарып келет.

Буга чейин Жогоку Кеңеш депутаттар Исхак Пирматов, Садыр Жапаровду кылмыш жоопкерчилигине тартуу боюнча Башкы прокуратураны өтүнүчүн четке каккан болчу. (BkA)

XS
SM
MD
LG