Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 11:24

Мүлкү оффшордогу банк эсептеринде сакталган байлардын ысымдары жарыяланды


Иликтөө журналистикасы боюнча Вашингтондо иштеген эл аралык уюм бүгүн жарыялаган документте 170 өлкөдө жашаган 130 миң кишинин ысымы аталган. Тизмеде Орусиянын вице-премьер-министри Игорь Шуваловдун жубайы менен байланыштагы кишилер, Азербайжан президенти Илхам Алиевдин жубайы жана кыздары менен байланышы бар адамдар да көрсөтүлгөн.

Журналисттик уюмдан кабарлашкандай, салыктан качып, акчасын түрдүү жашыруун жолдор менен оффшор зоналарына чыгарган байлардын аракеттери жөнүндө далилдер 2,5 миллиондой документке негизделген.

McKinsey&Company глобалдык уюмунун мурдагы башкы экономисти билдиргендей, азыр дүйнө боюнча жашыруун оффшордук банк эсептеринде 21 триллион доллардай каражат сакталууда.

XS
SM
MD
LG