Украинанын Башкы прокуратурасынын маалымат катчысы Маргарита Велкова “Азаттыкка” сүйлөп, соттун бүгүнкү чечими Абдумалик Абдулложонов АКШдан башпаанек алганын эске алуу менен чыгарылганын айтты.
Абдулложоновду быйыл февралда АКШдан Украинага келген учурда аэропорттон кармашкан.
1994-жылы Тажикстандагы президенттик шайлоодо мамлекет башчысы Эмомали Рахмондун атаандашы болгон Абдулложоновду мекенинде Рахмонго 1996-жылы болгон кол салууга катышкан деп айыпташкан. Ал “Согди облусунда 1998-жылы козголоңчулардын чабуулун да колдогон, уюшкан кылмыш тобунда болгон, террористтик аракеттерге катышкан” деп да айыпталганы белгилүү. Мурдагы өкмөт башчы өзү бул айыптардын баарын четке кагып келет.