Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 16:01

Алайда жер титиреди


Ош облусунун Алай районунун аймагында 4-апрелде жер титирөө катталды. Бул тууралуу "Азаттыкка" Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалымат кызматынын башчысы Абдишарип Бекилов кабарлады. Анын айтымында, Сейсмология институту 4-апрелде кечки саат 9дан 44 мүнөт өткөндө күчү очогунда 4-4,5 балл болгон жер титирөө каттады. Жер титирөөнүн очогу Алай тоо кыркаларындагы Сопу-Коргон айылынан 20 км түштүк-чыгыш, Нура айылынан 35 км түндүк-батыштагы аймакта орун алган.

Жер титирөөнүн күчү Сопу-Коргон, Терек айылдарында 3 балл болуп сезилди.

Алдын ала маалымат боюнча жабыркагандар жана кыйроолор жок. (BkA)

XS
SM
MD
LG