Мурдагы президент Курманбек Бакиев Кыргызстандан Казакстан, Орусия, АКШ президенттеринин кеңеши менен чыгарылганын экс-президент Роза Отунбаева Бишкекте өтүп жаткан "Аксы окуясынын, 2005 жана 2010-жылдагы ыңкылаптардын сабактары” аттуу конференциянын жүрүшүндө билдирди.
Отунбаеванын айтымында, 7-апрелдеги окуялардан соң Курманбек Бакиев Жалал-Абадга барып, өзүнүн айланасына куралдуу күчтөрдү топтоп, өлкөдө жарандык согуш чыкчудай кырдаал түзүлгөн. "Дал ушундай кырдаалда Казакстан, Орусия, АКШ президенттеринин кеңеши менен Бакиевди Кыргызстандан чыгаруу чечими кабыл алынган" деди Отунбаева:
- Азыркы күнгө чейин Бакиевди Кыргызстандан ким чыгарган деген сөздөр жүрүп келет. Аны Кыргызстандан чыгаруу боюнча чечимди мен кабыл алгам. Ошол учурда мындай жоопкерчиликти мен өзүмө алгам.
7-апрелдеги ыңкылапта тактан кулатылган президент Курманбек Бакиев ошол күнү кечинде кичи мекени - Жалал-Абаддын Тейит айылына барган. Андан соң кызматтан кетпей турганын айтып, Тейитте Убактылуу өкмөткө каршы митингдерди уюштуруп, 15-апрелдин кечинде Жалал-Абаддан атайын учак менен Казакстанга, андан соң Беларуска учуп кеткен. (BkA)