Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
12-Февраль, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 14:44

Башкы прокуратура: Обдуновдун күнөөсү толук далилденген


Башкы прокуратура Жогорку Кеңеш кол тийбестигин алуудан баш тарткан депутат Элмурат Обдуновго козголгон кылмыш иш боюнча билдирүү таратты. Анда Башкы прокуратура Обдуновго ачылган кылмыш иш боюнча анын күнөөсүн толук далилдей турган материалдар бар экенин билдирип чыкты:

"Бул кылмыш иш боюнча Обдуновдун күнөөсү толук далилденген. Ал эми Обдунов баш болуп, аталган иш боюнча айыпталган адамдар зыянды төлөп бергени алардын кылмышка тиешеси жок экенин далилдебейт" деп айтылган билдирүүдө.

Жогорку Кеңештин бейшембидеги жыйынында “Республика" фракциясынан депутат Элмурат Обдуновду кылмыш жообуна тартуу үчүн анын кол тийбестигинен ажыратпоо чечимин кабыл алынган. Анда Обдуновду кол тийбестиктен ажыратуу боюнча түзүлгөн атайын комиссия "депутатка карата кылмыш ишин ачуу мыйзам бузуулар менен коштолгон жана жоопко тартууга негиз жок" деген тыянакка келген болчу.

Элмурат Обдуновго кылмыш иши былтыр 15-ноябрда козголгон. Депутат 2009-2010-жылдары Ош мамлекеттик университетинде башкы эсепчи болуп иштеп турганда окуудан чыгарылган 421 студенттин эки жарым миллион сомго чукул келишимдик акысын кайтарып бербей, кымырып алган деп айыпталган. (BkA)

XS
SM
MD
LG