Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 21:00

Орус өкмөтү Камбар-Ата-1 ГЭСи боюнча келишимди жактырды


Орусиянын өкмөтү бейшембидеги жыйынында Камбар-Ата-1 ГЭСин жана Жогорку Нарындагы ГЭСтер каскадын куруу боюнча кыргыз-орус келишимин жактырып, Мамлекеттик Думанын кароосуна жөнөттү. Бул тууралуу орус өкмөтүнүн расмий сайтында кабарланды.

Келишимге былтыр 20-сентябрда Орусия президенти Владимир Путиндин Бишкекке сапарынын учурунда кол коюлган. Келишимдин долбоорун февралда Жогорку Кеңеш ратификациялаган. Ага ылайык, аталган долбоорду толугу менен Орусия каржылайт, бирок үлүш теңме-тең бөлүнмөкчү.

Учурда эки тарап Камбар-Ата-1 ГЭСинин техникалык-экономикалык негиздемесин түзүүнүн үстүндө иштеп жатат. Бул максатта өткөрүлгөн конкурстун жыйынтыгында ГЭСтин техникалык-экономикалык негиздемени даярдоо үчүн канадалык SNC-Lavalin International Inc компаниясы тандалып алынды. Эми аталган компания 5 млн. 212 миң долларга ГЭСтин техникалык-экономикалык негиздемесин 5 айдын ичинде даярдап берет. (BkA)

XS
SM
MD
LG