Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 12:00

"Реформа" партиясы Бишкектин башкы планын ачык жарыялоону талап кылды


"Реформа" партиясы Бишкек мэриясынан баш калаанын башкы планын жарыялоону талап кылып, Бишкек шаардык сотуна арыз менен кайрылды. Аталган партиянын өкүлдөрү шаар бийликтерин “Шаар куруу жана архитектура жөнүндө” мыйзамда көрсөтүлгөн талаптарды аткарбай, өз кызыкчылыгы үчүн башкы планды ачыкка чыгарбай жатат деп айыпташууда. Мындан улам шаардык сотко доо арыз менен кайрылып, алгачкы соттук иш 29-апрелде белгиленди.

Буга чейин аталган партия өкүлдөрүнүн башкы планды ачыкка чыгаруу боюнча арызын Бишкектин райондор аралык соту канааттандырган эмес. (BkA)

XS
SM
MD
LG