Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 10:55

Кургак учукка каршы сүрөт көргөзмө ачылды


Бишкекте Гапар Айтиев атындагы көркөм өнөр музейинде бүгүн "Мен тирүү турганда кургак учукту токтотолу" аттуу сүрөт көргөзмө ачылды. Иш-чараны кургак учукка каршы күрөшүүнүн бүткүл дүйнөлүк күнүнө карата "Чек арасыз дарыгерлер" эл аралык уюму уюштуруп жатат.

Анда бейтаптар тарткан сүрөттөр аркылуу акыркы убактарда жайылып бараткан бул илдетти алдын алуу, сактануу боюнча элге кеңири маалымат берүү, бийлик өкүлдөрүнүн көңүлүн буруу максатын коюлган.

Саламаттык сактоо министрлигинин билдиришинче, Кыргызстанда кургак учукка кабылгандар көбөйүүдө. Мурдагы жылы бул ооруну 5,2 миңден ашык адам жуктуруп алса, былтыр бул сан 500гө көбөйгөн. 2012-жылы бул дарттан 450дөн ашык адам каза тапкан. (BkA)

XS
SM
MD
LG