Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалымат катчысы Абдышарип Бекиловдун “Азаттыкка” билдиришинче, ресторанда табылган 8 даана аппаратты текшергенде анын радиациалык фону саатына 101 мкР/ баштап, 1430мкР/ чейин көрсөткөн. Норма боюнча радиациялык фон 60 микрорентгенден ашса, ден соолукка кооптуу болуп саналат.
Бүгүн радиоизотоптук түтүндү кабарлагычтын табылышы боюнча акт түзүлүп, ал Фучик көчөсүндө жайгашкан “Атайын комбинат” ишканасына жеткирилген.
5-апрель күнү кечинде Бишкек шаарынын ички иштер башкармалыгынын ыкчам нөөмөтчүсүнөн Фрунзе көчөсүндө жайгашкан "Нарын" ресторанында бомба коюлган деген маалымат түшкөн. Текшерүүнүн жүрүшүндө радиациялык фону өтө жогору аппараттар табылган. Бул аппарат өрттү алдын алуучу сигнал болуп саналат жана ал союз маалында коюлган бойдон калып кеткен. (AzK)