Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 10:24

Ошто элдин сынына тушуккан милиция жазаланат


Ош облусунда жана шаарында эл тарабынан көбүрөөк сынга кабылган милиция кызматкерлерине чара көрүлөт, айрымдары жумуштан бошотулат. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин Ош облусу жана шаары боюнча башкы башкармалыгынын жетекчиси Сүйүн Өмүрзаков билдирди. Ал март айынан бери облустагы райондордо жана шаардын аймактык кеңештеринде эл менен жолугуп, жарандардын милицияга болгон дооматын, сунуштарын угуп жүрөт.

Жолугушуулардын негизинде, элдин сынына кабылган кызматкерлердин үстүнөн текшерүү, тактоо иштери жүргүзүлүп жатат. Жыйынтыгы жакын арада маалымдалат.

Сүйүн Өмүрзаков Ошто өткөн жылдарга салыштырмалуу милицияга даттануулар азайганы байкалып жаткандыгын билдирди. Ички иштер министрлигинин Ош облусу жана шаары боюнча башкы башкармалыгы ушул жылдын февралында түзүлгөн. (SE)

XS
SM
MD
LG